БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы чек арадагы баш калкалоочуларга абай салды

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Түркия боюнча өкүлүнүн орун басары Жан Мари Гарелли жана аны коштогондор Европага өтүш үчүн Грециянын чек арасында күткөн баш калкалоочулар жайгашкан аянтка барды.

1377288
БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы чек арадагы баш калкалоочуларга абай салды

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын делегациясы Грециянын чек арасында күткөн баш калкалоочулардын ал абалын сураганы барды.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Түркия боюнча өкүлүнүн орун басары Жан Мари Гарелли жана аны коштогондор Европага өтүш үчүн Грециянын чек арасында күткөн баш калкалоочулар жайгашкан аянтка барды.

Гарелли, андан соң Эдирненин губернаторунун орун басары Юсуф Гүлер менен жолукту.

Гүлер, жолугушууда түрк улутунун боорукерлиги жана меймандостугунун бир үлгүсү да баш калкалоочулар турган аянтта көрсөтүлгөнүн айтты.

Аял жана балдардан баштап баш калкалоочулардын гуманитардык муктаждыктары, тамак-аштары, медициналык тейлөөлөрүнүн эң жакшы түрдө камсыздалганын айткан Гүлер: «Баш калкалоочуларды бомбалар менен эмес, көңүлүбүздү берип тосуудабыз. Аларга жардам берүүгө аракет кылуудабыз. Жардамдарыбызды эң жогорку деңгээлде ишке ашыруудабыз»,-деди.

Гарелли да, Түркиянын ар бир аймактагы баш калкалоочуларга карай иштери мактоого арзырлык экенин айтты.

Баш калкалоочуну кабыл алган көп сандаган өлкөдө иштегенин белгилеген Гарелли, Түркиянын бардыгынан абдан айырмаланып турганын жана мактоого арзырлык иштерди жасаганына токтолуп, «Качкын жана баш калкалоочулардын абдан жакшы кабыл алынганын, абдан жакшы колдоо көргөнүн өз көзү менен көргөн өлкө Түркия болуп саналат. Бүткүл дүйнөгө бул жаатта мактоого арзырлык моделсиңиз. Чындап эле абдан маани берген модель өлкөсүз. Биз сиз менен иштешкенибиз үчүн абдан кубанычтабыз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар