Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдулазиз ортого чыкты
Королдун фотографиялары Сауд Арабиянын маалымат агенттиги SPAда орун алды.
Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдулазиз өзү тууралуу чыккан «каза болду же өлүм төшөгүндө» деген кабарлардан кийин биринчи жолу ортого чыкты.
Массалык маалымат каражаттарында каза болгондугу тууралуу кабарлар чыккан Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдулазиз Сауд Арабиянын Украина жана Уругвайга дайындалган элчилеринин ант берүү аземинде камераларга түштү.
Королдун фотографиялары Сауд Арабиянын маалымат агенттиги SPAда орун алды.
Бул фотографияларда Король Селман, тышкы иштер министри Файсал бин Ферах бин Абдуллах да катышкан аземде Украина жана Уругвай элчилери менен кол алышып көрүшкөндүгү орун алды.
Бир тараптан Wall Street Journal гезити мурунку күнү Король Селман бин Абдүлазиздин бир тууганы Ахмед бин Абдулазиз менен үй абагында кармалган мурунку мураскер принц Мухаммед бин Найифтин мураскер принц Мухаммед бин Селмандын буйругу менен кармалышкандарын жарыялаган.
Ошол эле учурда Сауд Арабияда мураскер принц Мухаммед бин Селмандын борбор шаар Риядда ноябрь айында өткөрүлүшү пландалган чоң жыйырмалар саммитинен мурда король болууну пландагандыгы билдирилди.
Борбору Британия болгон Middle East Eye сайтында орун алган кабарга караганда Селмандын эң чоң атаандашы принц Ахмед бин Абдулазиздин камоого алышынын жана королдук үй - бүлөсүнүн мүчөлөрүнө каршы кыймыл баштоосунун себеби чоң жыйырмалар саммитинен мурда такты жолун тазалоо.
Селман өзүнө мыйзамдуулуктун берилиши менен атасы Король Селман бин Абдулазиздин өлүмүн күтпөйт жана ноябрь айындагы саммитти тактыга чыгуу сахнасы катары колдонот. Булактар Селмандын атасы тирүү кезинде король болууну каалаган жана ушул себептен атасын тактыдан кетүүгө мажбурлай тургандыгын билдиришти.
Тектеш кабарлар

Малавиде 537 адам өлдү деп жарыяланат
Апааттан болжол менен 143 миң үй зыян тартып, 659 миң кишинин жардамга муктаж экени айтылды.