Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 3 миңден ашты

Айыккандардын саны болсо 52 миң 45 кишиге жетти.

1372166
Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 3 миңден ашты

Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясынан каза тапкандардын саны 3 миң 14 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, өлкөдө оорунун себебинен акыркы 24 сааттын ичинде 24 киши көз жумуп, вирусту жуктурган дагы 139 бейтап катталды.

Ушундайча өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 3 миң 14кө, айыккандардын саны болсо 52 миң 45 кишиге жетти.

Ал эми вирусту жуктуруп алышы мүмкүн деп шектелгендердин саны 522 киши деп билдирилсе, байкоого алынгандардын саны да 32 миң 870ке азайды.

Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «Өзгөчө абал» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар