Коронавирусту жуктурган адам Бельгиядагы Европа Кеңешинде дагы кездешти

Европа өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында коронавирус кездешүүдө.

1372856
Коронавирусту жуктурган адам  Бельгиядагы Европа Кеңешинде дагы кездешти

Италияда жаңы тип коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандарын саны 107ге жетти.

Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери, чара көрүү катары 15-мартка чейин жабылды.

Греманияда Ковид-19 эмидемиясы аныкталган киши саны 262 болсо, дагы 45 киши ооруга кабылган Францияда бейтап саны 257ге жетти.

Вирус 2 жан алган Испанияда вирусту жуктаргандардын саны 30га көбөйүп 190га жетти, өлкөдө алгач ирет балдарда дагы коронавируска кездешилди.

Ковид-19 жуккан киши саны Грецияда 9га, Данияда 10, Хорватияда 10, Нидерландияда 38, Австрияда 27, Чехияда 8, Англияда 87ге, Швейцарияда 77ге жетти.

Жаңы тип коронавирус Европанын берки өлкөлөрүнө дагы жайылууда.

Босния-Герцеговина, Польша жана Венгрияда алгачкы Ковид-19 оорулары кездешилди.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, өлкөсүндө 2 кишиде тесттер позитив болуп чыкканын жарыялады.

Вирус белгилегген 2 кишинин Венгрияда билим алып жаткан Ирандын атуулдары болгонун белгилеген Орбан, булардын ооруканада дарыланып жаткандарынын маалыматын бөлүштү.

Польшанын саламаттаык сактоо министри Лукаш Шумовский болсо Германияга барып өлкөгө кайткан бир кишидеги тесттердин позитив болуп чыкканын жарыялады.

АКШда жаңы тип коронавирус «Ковид-19) эпидемиясыынын себебинен каза болгондордун саны 11ге жетти.

АКШ Конгресси Ковид-19 жугуштуу оорусу менен күрөшүүгө 7,8 миллиард доллардык каражат бөлүнүшү боюнча макулдашууга жетишти.

Жаңы тип коронавирус «Ковид-19), бельгиянын борбор шаары  Брюсселдеги Европа Биримдигинин (ЕБ) негизги мекемелеринен болгон жана көп сандаган жыйналышка кожоюндук кылган Европа Кеңешинде да пайда болду.

ЕБнин булактарынан алынган маалыматка караганда орто эсеп менен 3 миң кызматкердүү ЕБнин Кеңешинин бир кызматкеринде Ковид-19 аныкталды.

Учурда Кеңештин имаратында өткөн жыйналыштардын улана турганы, ооруга чалдыккан кишинин болсо үйүндө карантинге алынганы маалымдалды.

Кеңеште бүгүн бир топ катышуучу менен Экология кеңеши өтүп жатат.

Бир тараптан Бельгияда мектептердин тыныгуусунун бул аптанын башында аякташы менен өлкөдөгү Ковид-19 жуктургандардын саны бир канча күндүн ичинде 50гө чыкты.



Тектеш кабарлар