БУУнун мурунку башкы катчысы дүйнөдөн кайтты
Хавьер Перес де Куэльяр 1982 – 1991 – жылдары БУУда эки мезгил кызмат кылды.
1372538
БУУнун мурунку башкы катчысы перулук дипломат Хавьер Перес де Куэльяр дүйнөдөн кайтты.
Перунун тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда БУУнун 5 - башкы катчысы Хавьер Перес де Куэльяр каза болду.
Латын Америкадан БУУнун башкы катчылыгына келген биринчи дипломат болгон Хавьер Перес де Куэльяр 1982 – 1991 – жылдары эки мезгил кызмат кылды.
Хавьер Перес де Куэльяр 1988 – жылы 10 жылга созулган Ирак - Иран согушун акырына чыгарган сүйлөшүүлөрдө жана советтер союзунун күчтөрүнүн Афганстандан чыгышында маанилүү роль ойногон.