Японияда Фукусима атомдук станциясы болгон шаардын бир бөлүгү ачылды

Шаарда бир көзөмөл жеринин ачылшы менен 2,4 километр квадраттык аянтка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

1371843
Японияда Фукусима атомдук станциясы болгон шаардын бир бөлүгү ачылды

 Японияда 2011 -  жылы жер титирөө жана андан кийин болгон цунами жол ачкан Фукусима атомдук станциясы болгон шаарга салынган тыюу салуунун бир бөлүгү жоюлду.

Шаарда бир көзөмөл жеринин ачылшы менен 2,4 километр квадраттык аянтка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

24 -  июль жана 9 -  август күндөрү борбор шаар Токиодо өткөрүлүшү пландалган 2020 Токио олимпиадаларынан мурда 26 -  мартта Фукусимадагы бир шаарда жагыла турган олимпиада факелинин Футабада атомдук станциясына  4 километр жакынынан өтүшү болжолдолууда.

Японияда 2011 -  жылы 11 -  мартта болгон 9 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунами Фукусима атомдук станциясында радиоактивдердин чыгышына себеп болгон.

Окуяда станциядагы 4 атомдук реактордон үчөөсү зыян тартып, тегеректе жашаган он миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Чыккан суюктуктун толугу менен көзөмөлгө алынышы, станциянын толугу менен бошотулушунун ондогон жылга созулары болжолдолууда.

Фукусима атомдук станциясына Окума кыштагы менен биргелеше үй ээлик кылган Футабада атомдук кырсыктан кийин 7000 киши эвакуцияланган.



Тектеш кабарлар