Ковид - 19 вирусунун чыгыштагы жайылышы
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирустан 66 киши каза болгон Иранга адистерден турган бир топ жиберди.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирустан 66 киши каза болгон Иранга адистерден турган бир топ жиберди.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму берген маалыматта Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун адистеринен турган топтун жаңы тип коронавирус үчүн Иранга жардам берүү максатында борбор шаар Тегеранга баргандыгы билдирилди.
Саламаттык сактоо боюнча адистерден турган топтун ирандык саламаттык сактоо мекемелери менен бирге иштей тургандыгы, кээ бир саламаттык сактоо мекемелери жана лабораторияларга барып ирандык жетекчилерге жол көрсөтөрү белгиленди.
Маалыматта Афганстан, Канада, Ливан, Пакистан, Кувейт, Бахрейн, Ирак, Оман, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтеринде чыккан Ковид - 19 жуккан кишилердин Иран менен байланышынын бар экени ортого чыккандыгы белгиленди.
Сауд Арабия, Сенегал, Тунис, Иордания жана Мароккодо биринчи жолу Ковид – 19 оорулуулары аныкталды. Коронавирус аныкталган киши саны Иракта 27, Ливанда 13, Израилде 12, Катарда 7ге, Алжирде 5ке жогорулады.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.