Гректер Сирияга качкын катары барган эле

Греция учурда сириялык качкындарга катаал мамиле кылып жатат.

1370944
Гректер Сирияга качкын катары барган эле

Учурда жерлерине кабыл албай сириялык качкындарды атып өлтүргөн гректердин, 1942-жылы нацисттик Германиянын басып алуусунан качып Сириянын жерлерине баш калкалагандары аныкталды.

«Хүррийет» гезитинен Муса Кестердин кабарына караганда, Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-1945) учурунда германиялык нацисттердин Грецияны басып алуу процессинде гректер, Сирияда өздөрү үчүн курулган качкындар лагерине баш калкалашкан.

1942-жылдагы «Бул жер Кудс» аттуу гезиттин кабарынын биринчи бетинде, Сириянын Халеб шаарындагы Нейрапта грек качкындар үчүн курулган лагерде сириялыктардын конокторуна кийим жана азык-түлүк жардамын көрсөткөндөрү жазылган.

Бул процессте ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшкөн Грецияга Түркия да фуралар менен гуманитардык жардам жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар