Коронавирустун жайылуусу уланып жатат

Кытайда вирустун себебинен каза тапкандардын саны 2 миң 914 кишиге жетти.

1369635
Коронавирустун жайылуусу уланып жатат

Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясынан каза тапкандардын саны 2 миң 914 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде 42 киши көз жумуп, вирусту жуктурган жаңы 202 бейтап катталды.

Ушундайча өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миң 914кө жетти.

Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «Өзгөчө абал» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар