Чыгышта коронавирус
Иранда парламенттин мүчөсү Сейид Мухаммед Мир – Мухаммед коронавирустан каза тапты.
Иранда диний лидер Айетуллах Али Хаманейге жакындыгы менен билинген, парламенттин мүчөсү Сейид Мухаммед Мир – Мухаммед коронавирустан каза тапты.
Өлкөдө 55 киши коронавирустан каза таап, оорулуу саны 978ге жогорулады.
Саламаттык сактоо министри Саид Немки коронавирусту жеңүү максатында мобилизация башташарын жана 2 күндүн ичинде 300 миң топ түзүп үйлөрдө текшерүү жүргүзүшөрүн айтты. Андан мурда 13 оорулуунун бар экендигин билдирилген Иракта болсо саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ирандан кыска убакыт мурда кайтып келген 6 кишиден дагы Ковид – 19дун аныкталагндыгы билдирилди.
Вирустан 20 киши каза болгон Түштүк Кореяда жалпы оорулуу киши саны 3736га чыкты.
Жаңы тип коронавирус Ковид – 19 аныкталган киши саны Кувейтте 56, Бахрейнде 47ге, Ливанда 10го, Израилде да 10го, Катарда 3кө жетти.
Индонезияда да биринчи жолу 2 кишиде Ковид – 19 вирусу чыкты.
Иорданияда да биринчи жолу бир Ковид - 19 оорулуусу аныкталды.
Кытайдын Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12 - декабрда чыккан Ковид - 19 кыска убакытта башка шаарлар менен аймактарга жана өлкөлөргө жайылып Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму «чукул абал» жарыялаган.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жума күнү Ковид - 19 үчүн глобалдык деңгээлин «жогорудан» «абдан жогоруга» чыгарган.