БУУ: «Түркияга көрсөтүлгөн колдоо арттырылып улантылышы керек»

БУУ чакырык салды.

1368772
БУУ: «Түркияга көрсөтүлгөн колдоо арттырылып улантылышы керек»

БУУ эл аралык коомчулуккка, сириялык качкындар темасында Түркияга көрсөтүлгөн колдоонун улантылышы жана арттырылышы чакырыгын салды.

БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарлынын басма сөз катчысы Бабар Балуш, БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында Түркия жана Идлибдеги сириялыктага байланыштуу маалымат берди.

Балуш Түркиянын 3,6 миллион сириялыкты кабыл алгандыгынын унутулбашы керектигин баса белгиледи.

Түркия да арасында болгон Сирияга коңшу өлкөлөргө, барган жарандарды кабыл алууга чакыргандарын эске салган Балуш: «Ушундан улам бул чакырыгыбызды эл аралык коомчулукту да камтыгандай түрдө кеңейтүүдөбүз. Түркияга берилген колдоонун улантылышы жана тезделиши керек»,-деп айтты.

БУУнун адам укуктары боюнча координация кызматынын басма сөз катчысы Йенс Лаерке да, декабрь айынан бери Идлибден 1 миллионго жакын жарандын өз жеринен ажырагандыгын эске салып: «Жарандар өтө коркунучтуу шарттарда жашап жатышат. Бул опурталдуу маселе»,-деди.



Тектеш кабарлар