Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  - Малики БУУнун Женева офисинде пресс  - жыйын өткөрдү

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  - Малики Түркиянын АКШнын жалган тынчтык планына каршы турушуна кубанычтуу экендигин белгиледи.

1367304
Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  - Малики  БУУнун Женева офисинде пресс  - жыйын өткөрдү

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел  - Малики Түркиянын АКШнын жалган тынчтык планына каршы турушуна кубанычтуу экендигин белгиледи.

Малики БУУнун адам укуктары кеңешинин 43 -  отуруму үчүн барган Швейцариядагы БУУнун Женева офисинде пресс  - жыйын өткөрдү.

Түркиянын АКШнын президенти Дональд Трамп «Кылымдын келишими» деп атаган жалган тынчтык планына  көрсөткөн каршылыгы тууралуу берилген суроого жооп берген Малики бул сөздөрдү айтты : «Ислам Кызматташтык Уюму ИИТнин мүчөсү жана дос өлкө болгон Түркиянын мамилесинен кубанычтуубуз. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун  чукул жыйынына келди. Президент Р. Т. Эрдоган Украинага бара жаткан бирок министр Чавушоглунан Украинанын ордуна Жиддадагы Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз  жыйынына барышын жана бул жыйынга катышуусун талап кылды. Муну Түркиянын Палестинага берген колдоосун көрсөтүүсү жана Түркиянын Трамптын планын четке каккандыгын билдирүү үчүн аткарды. Биздин  булардан кабарыбыз бар. Ошондуктан Түркиянын бул планга каршы турушунан абдан кубанычтуубуз».

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун 20 -  февралда Чыгыш Кудстагы эки мыйзамсыз еврей отурукташуу жерине 5000ден ашуун жаңы турак жай курушарын билдиришине да каршылык көрсөткөн Малики пландын «эки мамлекеттүү чечүүчү жолду жок кылуу ниетинде экендигин» баса белгиледи. Малики бул демилегинин Израилдин мыйзам тышы отурукташуу пландарынын «эң коркунучтуусу» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар