Асад режиминин Идлибге кол салуусунда 4 жаран каза болду
Кол салуу болгон жерге барган топтор уранды астынан чыгарылган жаралууларды саламаттык сактоо борборлоруна алып барды.
Орусия колдогон Башар Асад режими күчтөрүнүн Сирияда Идлиб шаарынын борборуна артиллериялык кол салуусунда 4 жаран каза тапты алардын ичинен үчөөсү бала.
Асад режими армиясы жана Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган режим күчтөрү түнкү сааттарда өлкөнүн түндүк - батышында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Идлиб шаар борборуна жана тегерегиндеги отурукташуу жерлерине артиллериялык кол салды.
Жарандык коргоонуу булактарынан алынган маалыматка караганда бомбалоодо 4 жаран каза болду алардын ичинен үчөөсү балдар.
Кол салуу болгон жерге барган топтор уранды астынан чыгарылган жаралууларды саламаттык сактоо борборлоруна алып барды.
2019 - жылы 22 - октябрда Түркия менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн Сочи меморандумунан бери режим жана колдоочуларынын Идлибге карата кол салууларында 1800дөн ашуун жаран каза тапты. 2019 - жыл январдан бери Сирия - Түркия чек арасына жакын жерлерге көчүп келгендердин саны 1 миллион 942 миңге жетти.