Коронавирусту жуктургандардын саны дүйнөнүн жалпысында 81 миңден ашты

Covid-19 эпидемиясынан жалпы 2 миң 762 киши каза тапты.

1366624
Коронавирусту жуктургандардын саны дүйнөнүн жалпысында 81 миңден ашты

Кытайдын Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында пайда болгон жаңы типтеги коронавирусту жуктургандардын саны дүйнөнүн жалпысында 81 миңден ашты.

Бразилияда коронавирусту жуктурган биринчи адам катталса, Түштүк Кореядагы АКШнын куралдуу күчтөрүнө мүчө бир аскерде дагы аныкталды.

Covid-19 эпидемиясынан жалпы 2 миң 762 киши каза тапты. Кытайда 2 миң 715, Гонконгдо 2, Иранда 19, Түштүк Кореяда 11, Италияда 12, Японияда 5, Тайвань жана Филиппинде 1, Францияда 2 киши жаңы типтеги коронавирустун себебинен көз жумду.

Вирусту жуктургандардын саны Кытайда 78 миң 64, Гонконгдо 85 жана Макао аймагында 10 кишиге жетти. Тайванда да 31 кишиде Covid-19 аныкталды.

Жаңы типтеги коронавирус аныкталган өлкөлөрдүн саламаттык сактоо мекемелери жана жергиликтүү басма сөзүнөн алынган көрсөткүчтөргө караганда, вирусту жуктургандардын саны төмөнкүчө:

«Түштүк Корея 1146, Япония 861, Италия 323, Иран 95, Сингапур 91, АКШ 57, Таиланд 40, Австралия 23, Бахрейн 23, Малайзия 22, Германия 17, Вьетнам 16, Франция 14, Англия 13,  Бириккен Араб Эмирликтери 13, Канада 11, Кувейт 25, Испания 8, Ирак 5, Индия 3, Филиппин 3, Россия 2, Израиль 2, Оман 2, Австрия 2, Хорватия 1, Алжир 1, Непал 1, Шри-Ланка 1, Камбоджа 1, Бельгия 1, Швеция 1 , Швейцария 1, Финляндия 1, Египет 1, Ливан 1, Афганистан 1, Бразилия 1, Грецияда 1».



Тектеш кабарлар