Трамп Индияга аттанарда маалымат берди
Трамп Индияга сапар жасайт.
1364869
АКШнын президенти Дональд Трамп, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жакшы мамиледе экендигин айтты.
Дональд Трамп Индияга жасай турган сапары үчүн Ак үйдөн аттанарда журналисттерге маалымат берди.
Трамп Индиянын премьер-министри менен жакшы мамиледе экенин жана ал жерде өтө турган иш-чарага миллиондогон кишинин катышаарын белгиледи.
Индияда эки күн боло турган Трамптын дүйнөгө таанымал Агра шаарындагы Таж Махалга бараары жана Индиянын премьер-министри Модинин туулган жери Ахмедабадда элге кайрылуу жасай турганы билдирилди.
Трамп айрыкча Ахмедабадда курулган дүйнөнүн эң чоң крикет стадионунун расмий ачылышына да катышат.
Дональд Трамптын Индияга сапарында Пакистан менен карым-катнаштар жана Кашмир маселесинин да каралаары белгиленди.