Кытайда коронавирустан улам Улуттук элдик конгресс кечеңдетилди

Маданият төңкөрүшүнөн бери (1966-1976) бул жыйын биринчи жолу кечеңдетилди.

1365383
Кытайда коронавирустан улам Улуттук элдик конгресс кечеңдетилди

 Кытай жаңы тип коронавирус Ковид – 19дан улам Улуттук Элдик Конгрессинин 5 -  мартта баштала турган жылдык отурумун кечеңдетти. Бул чечим Улуттук Элдик Конгрессинин иш алып баруу парламентинин бүгүнкү жыйынында чыгарылды.

Эң аз 10 күнгө созула турган жыйын үчүн өлкөнүн бардык тарабынан 5000 делегациянын борбор шаар Пекинге барышы керек.

Маданият төңкөрүшүнөн бери (1966-1976) бул жыйын биринчи жолу кечеңдетилди.

Кытайдын Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында ортого чыккан жаңы бир тип коронавирус жалпы дүйнөдө  79 миңден ашуун кишиге жуккан.

Кытайда  Ковид  - 19 вирусунан 2594 киши каза болду.



Тектеш кабарлар