Бахрейнде коронавирусту жуктурган биринчи адам катталды

Ирандан кайткан бир кишиде коронавирус аныкталды.

1365203
Бахрейнде коронавирусту жуктурган биринчи адам катталды

Бахрейндин Саламаттык сактоо министрлиги, Ирандан кайткан бир кишиде жаңы типтеги коронавирустун аныкталгандыгын жана мунун өлкөдө катталган биринчи учур экенин билдирди.

Бахрейндин расмий маалымат агенттигинин кабарына караганда, Ирандан кайткан бир киши вирустун белгилери байкалганы боюнча Селмание аймагындагы ооруканада карантинге алынды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, мунун өлкөдө катталган биринчи учур экени белгиленди.



Тектеш кабарлар