Дүйнөдө коронавирустун алдын алуу кандай жүрүп жатат?

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккан киши саны 79 миңге жетти.

1364643
Дүйнөдө коронавирустун алдын алуу кандай жүрүп жатат?

Ирандын бир топ провинциясында Ковид-19 эпидемиясынын себебинен билим берүүгө тыныгуу берилди.

Тегеран, Кум, Эрдебил,Элбурз, Меркези, Казвин жана Гилан провинцияларынын башкаруучуларынан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда вирустун жайылуусунун алдын алуу максатында алгачкы жана орто даражалуу мектептер, университеттер жана диний билим берген мекемелерде тыныгуу берилгени маалымдалды.

Айрым провинцияларда 1 күн, айрымдарында 2 күн, айрымдарында болсо 1 апта бою билим берилбей турганы жана бул мөөнөттөрдүн узартыла ала турганы белгиленди.

Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер 10 күнгө кийинкиге жылдырылды, бардык маданий иш-чараар токтотулду.

Кувейт атуулдарын Ирандан чыгарып кете бештеды.

Ирандагы Кувейттин атуулдарын эвакуациялоо үчүн бөлүнгөн 5 учактан алгачкысы 130 жүргүнчүсү менен бирге өлкөгө кайтты.

Түштүк Кореяда болсо жугуштуу оорудан таасир алгандардын саны 602ге жетти.

Ушул убакка дейре 5 киши каза болгон өлкөдө, тревога деңгээли эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү.

Мамлекет башчысы Мун Чже Ин Ковид-19 эпидемиясы менен күрөшүү үчүн алдыдагы бир канча күндүн абдан маанилүү экенин белгилеп, өкмөттүн тревога деңгээлин «кызылга» жогорулаткандарын жана чара көрүүлөрдү күчөткөндөрүн жарыялады.

Израиль, Түштүк Кореянын борбор калаасы Сеулдан учак менен кеткен орто эсеп менен 200 кишинин Тель-Авивдеги «Бен Гурион» аэропортуна кирүүсүнө уруксат берген жок.

«Жерузалем пост» гезитинин кабарына караганда ошол эле учак менен келген 12 израилдиктин болсо тез жардам унаалары менен үйлөрүнө жеткирилди.

Индияда да жаңы типтеги коронавирустун жайылуусунун алдын алуу иш аракеттеринин алкагында атуулдарынан Сингапурга керектүү болбогон саякаттарга чыкпоо талап кылынды.

Жаңы типтеги коронавирустунтун жалпы дүйнөдө жайылган жуккан киши саны 79 миңге жетти.

Кытай басма сөзү вирустун личинкадан чыгуу мөөнөтүнүн 27 күнгө жете турганын алдыга койду.

Ухань шаарындагы бир оорукчанда вирустун личинкадан чыгуу мөөнөтүнүн 27 күн деп белгилегнгени маалымдалды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму эл аралык коомчулукка чакырык салып, вирус жайылган өзгөчө саламаттык сактоо системасы начар болгон өлкөлөрдө колдонулушу үчүн 675 миллион доллардык жардам берилишин талап кылды.

 


Этикеткалар: #Ирандын

Тектеш кабарлар