Коронавирус Иранда жан алды

Covid-19 эпидемиясы коркунуч жаратууда.

1362937
Коронавирус Иранда жан алды

Ирандын Кум шаарында, жаңы типтеги коронавирустун себебинен 2 киши каза тапты.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Киянуш Жиханпур Твиттердеги билдирүүсүндө, Кум шаарында дем алуусу оорлошкондуктан байкоого алынган жана жаңы типтеги коронавирус аныкталган 2 кишинин каза тапкандыгын кабарлады.

Кум медицина университетинин ректору Мухаммед Рыза Кадир да Иран медиасына жарыялаган билдирүүсүндө, акыркы 4 күндүн ичинде дем алуусу начарлаган бейтаптардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Шаарда бүгүн мектептер жабылды.

Кытайдын Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «чукул абал» жарыялаган болчу.

Кытайда Covid-19 эпидемиясынан каза тапкандардын саны 2 миң 120 кишиге, вирусту жуктургандардын саны болсо 74 миң 576га жетти. 



Тектеш кабарлар