Японияда карантинге алынган кемедеги жүргүнчүлөр эвакуацияланууда
Текшерүү жыйынтыктары терс чыккан кемедеги 500гө жакын жүргүнчү эвакуацияланды.
Японияда жаңы тип коронавирустан улам борбор шаар Токио жакынындагы Йокохама портунда 4 - февралда карантинге алынган "Diamond Princess" кемесинен текшерүү жыйынтыктары терс чыккан жүргүнчүлөр эвакуацияланууда.
Япония маалымат агенттиги Киододо орун алган кабарга караганда вирус тууралуу текшерүү жыйынтыктары терс чыккан кемедеги 500гө жакын жүргүнчү эвакуацияланды.
Бир бирден текшерилген жүргүнчүлөрдүн чыккан терс жыйынтыктардын негизинде кемеден кетишине уруксаттын берилгендиги билдирилди. Кемеден эвакуациялоонун үч күнгө созулушу күтүлүүдө.
Япониянын борбор шаары Токио жакындарында Йокохама портуна токтогон 3500дөн ашуун киши болгон жүргүнчү кемеси кемедеги гонконгдук бир жүргүнчүдө Ковид – 19дун чыгышы менен 4 - февралда карантинге алынган.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.