АКШ Япониядагы жүргүнчү кемесинен эвакуациялаган жарандарын карантинге алды

Эвакуациялангандардын 14 күн бою байкоого алына тургандары кабарланды.

1361778
АКШ Япониядагы жүргүнчү кемесинен эвакуациялаган жарандарын карантинге алды

Жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен Японияда карантинге алынган жүргүнчү кемесинен эвакуацияланган АКШ жарандары өлкөдө карантинге алынды.

Америкалык саламаттык сактоо жетекчилери, Иокогама портунда 4-февралда карантинге алынган 3 миң 500ден ашуун киши болгон "Diamond Princess" аттуу жүргүнчү кемесинен чыккан 328 АКШ жаранын ташыган учактардын, Калифорниядагы "Трэвис" аба базасына жана Техаска караштуу Сан-Антонио шаарындагы "Лакленд" аба базасына конгондорун билдиришти.

Эвакуациялангандардын 14 күн бою бул базаларда курулган карантин борборлорунда байкоого алына тургандары кабарланды.



Тектеш кабарлар