Жалган тынчтык планы, Нетаньяху менен Трамптын ортосундагы макулдашуудан башка эч нерсе эмес

Палестинанын Премьер-министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Германияда өткөн 56-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында Палестинанын премьер-министри Мухаммед Ыштиййе Палестина темалуу симпозиумда сөз сүйлөдү.

1360601
Жалган тынчтык планы, Нетаньяху менен Трамптын ортосундагы макулдашуудан башка эч нерсе эмес

Палестинанын премьер-министри Мухаммед Ыштиййе, АКШнын жалган тынчтык планынын Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда жетишилген келишимден башка эч нерсе эместигин айтты.

Палестинанын Премьер-министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Германияда өткөн 56-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында Палестинанын премьер-министри Мухаммед Ыштиййе Палестина темалуу симпозиумда сөз сүйлөдү.

«Жалган тынчтык планы, Нетаньяху менен Трамптын ортосундагы макулдашуудан башка эч нерсе эмес. Буга тынчтык планы деп айтуубуз мүмкүн эмес. Бул болгону эки лидердин шайлоо үгүттөөлөрүнүн бир бөлүгү»,-деп айткан Ыштиййе, Кудсту камтыбаган, палестиналыктардын кайтуу укугун тааныбаган, 221 отурукташкан бөлүктөрдө жашаган 720 миң жөөт качкынга тийишпеген жана эгемендиги болбогон Палестинаны сунуштаганын белгиледи.

Ыштиййе Европа өлкөлөрүн Трамптын жалган тынчтык планына каршы чыгууга жана 1967-жылдагы чек араларында борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекетин таанууга чакырды.



Тектеш кабарлар