Кытайдагы университеттин комплектиси коронавирусту 15 мүнөттө белгилемекчи

Ковид-19ду 15 мүнөттө аныктай алган антитело комплектиси, шектүү кишилерди оңой жана ылдам аныктай алат.

1361221
Кытайдагы университеттин комплектиси коронавирусту 15 мүнөттө белгилемекчи

Кытайдагы бир университет жаңы типтеги коронавирусту (Ковид-19) 15 мүнөттө аныктай алган ылдам тест комплектисин өнүктүрдү.

Синхуа агенттигинин кабарына караганда Тяньцзиндеги Нанкай университети менен дары-дармек фирмаларынан адистер биргелешип жүргүзгөн эмгектери менен «Жаңы типтеги коронавирус IgM/IgG антитело аныктоо комплектисин» өнүктүрдү.

Ковид-19ду 15 мүнөттө аныктай алган антитело комплектиси, шектүү кишилерди оңой жана ылдам аныктай алат.

Аныктоо убактысын кыскарта турган комплектинин кыска мөөнөттө эпидемиянын алдын алуу үчүн колдонула башташы күтүлүүдө.

Бир тараптан Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматка караганда Уханда Ковид-19 эпидемиясы менен күрөшүүнүн алкагында жөнөтүлгөн саламаттык сактоо кызматкеринин саны 30 миңден ашты.

Бул сандын орто эсеп менен 11 миңинин реанимация адистеринен турганы белгиленип, саламаттык сактоо кызматкерлеринин өлкөнүн 29 башка провинцияларынан жиберилгени маалымдалды.

Кытайда жума күнкү билдирүүдө өлкөдө 1716 саламаттык сактоо кызматкеринин Ковид-19 вирусун жуктуруп алганы, булардан алтоо көз жумганы белгиленген.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын бүгүнкү билдирүүсүндө Ковид-19 эпидемиясынын себебинен 1771 киши каза болгону, аныкталган бейтап саны 70 миңден ашканы жарыяланды.



Тектеш кабарлар