Кытайда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 1666га жетти

Бул тууралуу маалыматты Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы жарыялады.

1360287
Кытайда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 1666га жетти

Кытайда Ковид-19 эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 1666га, вирус жуккан киши саны 68500 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жарыясында жалпы өлкөдө шектүү бейтап санынын 8228, вирустуу оорукчандар менен байланышы болгону себеби менен карантинге алынгандардын санынын 158764 киши болгону билдирилди.

Бир тараптан жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны бирөө Гонконгдо болуп 1666га жетти. Вирус жукканы аныкталган киши саны 68500 болгону, алардын ичинен 11272синин абалы оор экени маалымдалды. Ушул убакка дейре ооруканадан айыгып чыккандардын саны 9419га жеткени белгиленди.

Кытайдын тышында Гонконг атайын башкаруу аймагында каза болгондордун саны 84кө жетсе, Макау атайын башкаруу аймагында бул сан 10 деп белгиленди.

Ковид-19 эпидемиясынын себебинен өлкөдө акыркы 24 саатта 142 киши каза тапса, 2009 жаңы бейтап аныкталды.



Тектеш кабарлар