Климаттык алмашуунун айынан жандуу түрлөрү жок болот

Климаттык алмашуу 50 жылдын ичинде жандуу түрлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн жок кылышы мүмкүн.

1359763
Климаттык алмашуунун айынан жандуу түрлөрү жок болот

 Климаттык алмашуу 50 жылдын ичинде жандуу түрлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн жок кылышы мүмкүн.

АКШда жүргүзүлгөн жаңы бир изилдөө климаттык алмашуунун 2070 -  жылга чейин жаныбарлар жана өсүмдүк түрлөрүнүн үчтүн бир бөлүгүн жер жүзүнөн жок болушуна жол ачышы мүмкүн экендигин ортого салды.

Аризона университетинин экология жана эвалюциялык биология департаментинин иликтөөчүлөрү Кристиан Роман-Паласиос жана  Джон Дж. Вин жетекчилик кылган эмгекте белгилүү бир периоддор менен дүйнөнүн түрдүү жерлериндеги 581 аймактагы 538 жандуу түрү менен аймактардын климаттык маалыматтары иликтенди.

Эмгектин акырында ушул кезге чейин 538 жандуу түрүнүн 44 пайызынын жок болгондугу белгиленди.

Эмгекте ысыктыктын артышы ушул кездеги сыяктуу  улантыла турган болсо 2070 -  жылга чейин түрлөрдүн үчтөн бир бөлүгүнүн жок болору болжолдолуп, ысыктыктын дагы да артышы менен жоготуунун дагы көп болору белгиленди. Изилдөөгө жетекчилик кылган Вин климаттык алмашуу менен күрөшүүдө Париж келишимине баш ийиле турган болсо дагы аз жоготуунун болорун белгиледи.

Изилдөөнүн жыйынтыктары "Proceedings of the National Academy of Sciences" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар