Британия Вашингтонго аял элчи дайындады

Британиянын Вашингтон элчилигине «аяль рыцарь» деп билинген БУУнун туруктуу өкүлү Карен Пирст дайындалды.

1358864
Британия Вашингтонго аял элчи дайындады

Британия, АКШнын борбор шаары Вашингтондогу элчилигине биринчи жолу аял дайындады.

Британия АКШнын президенти Дональд Трамп тууралуу айткан сөздөрү басма сөзгө бирилгенден кийин эки өлкөнүн ортосунда кризиске жол ачкан Вашингтон элчиси Ким Дарроч  кызматынан кеткенден кийин  элчилик кызматына «аяль рыцарь» деп билинген БУУнун туруктуу өкүлү Карен Пирсти дайындады.

Бириккен Королдук тарабынан жогорку кызматтарда болгон жана ийгиликтүү аялдарга берилген, эркектердин рыцардык наамына окшогон  королдук  медалына ээ БУУнун элчиси  Пирс Британиянын Вашингтон элчиси катары ишин улантат.

Ошол эле учурда тажрыйбалуу экендиги белгиленген Пирс  Британиянын  Вашингтондогу биринчи аял элчиси болду.

Британиянын Вашингтондогу мурунку элчиси Ким Дарроч Дональд Трамп башкаруусундагы Ак үйдү «олдоксон» деп мүнөздөгөн сөздөрү орун алган жазуулардын басма сөзгө чагылышы менен элчилик кызматынан кеткен.



Тектеш кабарлар