Афганстанда көчкү жүрдү

Көчкүдө 21 киши каза болду.

Афганстанда көчкү жүрдү

Афганстандын Дайкунди аймагында көчкүнүн болушу менен 21 киши каза болду.

Дайкунду апаатт менен күрөшүү боюнча төрага Эсадуллах Сервери жалпы шаарда көптөгөн күндөн бери катуу кар жаагандыгын жана көпчүлүк районго транспорттун жүрбөй калгандыгын айтты.

Жалпы Дайкундиде ушул кезге чейин 311 көчкүнүн  жүргөндүгүн айткан Сервери 21  кишинин каза болгондугун, 10 кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Сервери көчкү астында калган 7 кишини табуу үчүн издөө – куткаруу иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Көчкү түшүшү менен 50 үйдүн кулагандыгын баса белгилеген Сервери ондогон жаныбардын да жок болгондугун айтты.

 



Тектеш кабарлар