АКШ Орусиянын Ливияда болушуна каршы чыгууда

Пентагондун башкы инспекторлугу, Конгресске сунуштаган Африкага карай отчетунда өткөн жылдын акыркы чейрегинде Орусиянын «Wagner Group» коопсуздук фирмасына караштуу орус жалданма аскерлердин санынын көзгө урунгудай өлчөмдө көбөйгөнүнө көңүл бурду.

1358021
АКШ Орусиянын Ливияда болушуна каршы чыгууда

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) башкы инспекторлугу, Орусиянын Ливияда болушунун АКШнын аймактагы террор менен күрөшүү иш-аракеттерине зыян тийгизгенин белгилеп өттү.

Пентагондун башкы инспекторлугу, Конгресске сунуштаган Африкага карай отчетунда өткөн жылдын акыркы чейрегинде Орусиянын «Wagner Group» коопсуздук фирмасына караштуу орус жалданма аскерлердин санынын көзгө урунгудай өлчөмдө көбөйгөнүнө көңүл бурду.

Орустардын Ливияда Халифе Хафтердин көзөмөлүндөгү мыйзамсыз Ливиянын улуттук армиясынын уюмуна колдоо көрсөтүү максатында аймакта ишин жүргүзгөнүн белгилеген отчетто, өткөн жылы сентябрь айында Wagner Groupка караштуу 200 жалданма аскердин Ливияда болгонун, бирок аты аталган аскер санынын жылдын акырында 800-1400 чактыга жеткени белгиленди.

Отчетто «AFRICOM (АКШнын Африка кондирлиги) башкы инспекторлугуна Орусиянын батыштык өлкөлөргө альтернатива болуш үчүн Wagner группасын жана башка орус жеке менчик коопсуздук фирмалары аркылуу батыш Африкадагы өлкөлөргө аскердик билим берүү жана колдоо көрсөтүп жатканынын маалыматын бөлүштү»,делди.

Орусиянын Ливияда болушу тууралуу отчетто бул баа берүүлөргө орун берилди: «AFRICOM, Орусиянын Ливияда арткан турумунун АКШнын аскердик өнөктөштүктөрүнө жана террор менен күрөшүүсүнө тоскоол боло турганын айтты. AFRICOM, Орусиянын Түндүк Африкадагы аскердик күчү АКШ жана өнөктөштүктөрү үчүн эки маанилүү сыноого жол ачууда. Биринчиси Орусиянын аскердик кызматташтыктары, АКШнын жана өнөктөштөрүнүн Түндүк Африкадагы аскердик кызматташтыктарын улантып илгерилетүү жөндөмдүүлүктөрүнүн астын оюп жатат. Экинчиси Орусия АКШнын түштүк Жер Ортолук деңизде эркин сөзүп жүрүүсүнө тоскоол боло алат»,-деди.



Тектеш кабарлар