Украина атып түшүрүлгөн учак үчүн Иранга кысым жасоодо

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко 8 -  январда борбор шаар Тегеранда атып түшүрүлгөн Украина учагына байланыштуу Иранга кысым жасашкандарын айтты.

1357214
Украина атып түшүрүлгөн учак үчүн Иранга кысым жасоодо

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко 8 -  январда Иранга Тегеранда атып түшүргөн Украина учагына байланыштуу  кысым жасашкандарын айтты.

Италиянын борбор шаары Римде бир топ расмий жолугушууларды өткөргөн Пристайко Украинанын борбор шаары Киевге баруу үчүн Тегеран эл аралык Имам Хумеймим аэропортунан учкандан кыска убакыттан кийин эки ракета менен атылган, ичиндеги 176 киши каза болгон учак маселесине токтолду. Пристайко : «Тегеран менен керек болсо учактын кара кутулары, керек болсо башка кызматташуулар тууралуу башынан бери абдан кыйын болду, бирок биз айткандарыбыздын артында турууга аракет кылабыз. Узун мөөнөттө  кара кутуларды кандай аларыбызды жана кандай териштирерибизге байланыштуу пландарыбыз бар. Беш өлкө менен кызматташуу ичиндебиз»,- деди.

 19 -  январда кара кутуларды берүү планынын болбогондугун билдирген Иранга карата кысымдарын улантышарын билдирген Пристайко : «Биз буйрук берүү чынжырында ким бар, буйрукту ким берди аны билип жана адилеттиктин алдына чыгышын каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар