Кабулда жан кечтилик кол салуу болду

Кол салууда 5 киши каза тапты.

1357223
Кабулда жан кечтилик кол салуу болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда жасалган жан кечтилик кол салууда 5 киши каза тапты. Афганстандын коргоо министрлиги жан кечтилик кол салуучунун денесине жайгаштырган бомбаны Маршал Фахим улуттук коргонуу университетинин жакындарында калың элдин арасында жардыргандыгын билдирди. Кол салууда 4 аскер менен 1 жарандын каза болгондугу билдирилип, 5 аскер менен 1 жарандын да жаралагандыгы маалымдалды. Кол салууну азырныча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар