Иранда жасалма спирттик ичимдиктен эки кши каза болду

Иран мыйзамы боюнча спирттик ичимдик өндүргөн, алып жана саткандар абак жана сабоо жазасына тартылууда.

1356736
Иранда жасалма спирттик ичимдиктен эки кши каза болду

Ирандын Систан  - Белужистан аймагына караштуу Чабахар шаарында жасалма спирттик ичимдиктен эки киши каза болду.

Ирандын расмий  маалымат агенттиги ИРНАга маалымат берген Чабахар саламаттык сактоо директору Махмуд Хүсейинбер : «Кырк сегиз сааттын ичинде жасалма ичкиден ууланган он эки киши Чабахар Имам Али ооруканасына жаткырылды.  Эки киши каза болду»,- деди.

Хүсейинбер дарыланып жаткан 10 кишинин абалынын оор экендигин белгиледи. Мусулман жарандарга спирттик ичимдик сатуу жана ичүүгө тыюу салынган Иранда спирттик ичимдиктер мыйзамсыз жолдор менен өлкөгө киргизилгендей эле  кээ бир үй жана башка жерлерде да жасалууда.

Иран мыйзамы боюнча спирттик ичимдик өндүргөн, алып жана саткандар абак жана сабоо жазасына тартылууда.



Тектеш кабарлар