Жеки Чан коронавируска каршы антидот тапкан кишиге сыйлык беририн билдирди

Белгилүү актер Жеки Чан коронавируска каршы антидот тапкан кишиге же кишилерге 1 миллион юань тактап айтканда 143 миң долларга жакын сыйлык берерин билдирди.

1356724
Жеки Чан коронавируска каршы антидот тапкан кишиге сыйлык беририн билдирди

 Белгилүү актер Жеки Чан дүйнөдө чоң коркунучка себеп болгон коронавируска каршы антидот тапкан кишиге же кишилерге 1 миллион юань тактап айтканда 143 миң долларга жакын сыйлык берерин билдирди.

Белгилүү актер Weibo аттуу социалдык желе аркылуу берген маалыматында Кытайдын Ухань шаарынан дүйнөгө жыйылган коронавируска каршы антидоттун табылышы үчүн мүмкүн болгон бардык жардамды берүүгө даяр экендигин белгилеп : «Антидотту кимдин же кайсы мекеменин тапканы маанилүү эмес. Эгерде ийгиликтүү боло турган болсо аларга 1 миллион юань берип ыракмат айткым келет. Мунун акча менен байланышы жок. Мындан мурда эл көп болгон көчөлөрдү бош көргүм келбейт. Жарандарымдын турмуштан ырахат алып жашашы керек болгон учурда өлүм менен күрөшүүсүн көрүүнү каалабаймын»,- деди.

Жеки Чандын бул демилгеси дүйнөнүн дээрлик бардык жеринде мактоого алынып, Чан андан кийин берген маалыматында : «Билим жана технология вирусту жеңүүнүн ачкычы. Менин оюмча бир топ киши мен сыяктуу ойлонот. Эң кыска убакытта антидот табылат деп ойлойм»,- деди.  

Бир тараптан Жеки Чандын акыркы киносу «Vanguard» коронавирустун жайылышына тоскоол болуу үчүн көрүлгөн чаралардын негизинде кино  - театрлардын жабылышы менен көрсөтүүгө кирген жок.



Тектеш кабарлар