Нидерландияда «Ciara» бороону

Бороондон улам көп сандаган учак жана поезд каттамдары токтотулду жана лига оюндары кечеңдетилди.

1356414
Нидерландияда «Ciara» бороону

Нидерландияда «Ciara» бороонунан көп сандаган учак жана поезд каттамдары токтотулду жана лига оюндары кечеңдетилди.

Ылдамдыгы саатына 120 километрге жеткен «Ciara» бороону Нидерландияны толугу менен таасири астын алды. Бороондон улам кургактык, аба жана темир жол транспортунда аксоолор болууда.

Нидрландия королдук метеорология институту жалпы өлкөгө кызгымтыл – сары сигналдын (2- даражадагы) берилгендигин жарыялады. Кээ бир аймактарда поезд рельстерине кулаган дарактар жана чыгымдардан улам көп сандаган каттам токтотулду. Амстердам Схипхол жана Роттердам аэропортторунан учушу пландалган көп сандаган каттам токтотулду.

Королдук Нидерландия футбол федерациясы Нидерландия лигасында жана жалпы өлкөдөгү үйрөнчүк оюндарынын ыңгайсыз аба шарттарынан улам кечеңдетилгендиги билдирилди. Бороондун таасиринин бүгүн да улантылышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар