Нью Жерсиде бир мусулман дагы жогорку деңгээлдеги полиция кызматына дайындалды
Нью Жерсинин Пассаик аймагынын шериф департаментинин шерифинин орун басарлыгына черкез тектүү мусулман Нарт Хапатша дайындалды.

АКШнын түрктөр көп жашаган Нью Жерси аймагында түрк тектүү бир мусулмандын коопсуздук директорлугуна дайындалышынан кийин черкез тектүү экинчи мусулман да коопсуздук уюмуна жогорку мартабалуу кызматка келди.
Нью Жерсинин Пассаик аймагынын шериф департаментинин шерифинин орун басарлыгына черкез тектүү мусулман Нарт Хапатша дайындалды.
Пассаикте 33 жыл полиция болуп иштеген Нарт Хапатша үй - бүлөсү жана черкез коомунун мүчөлөрү менен түрк жана мусулмандар катышкан ант ичүү аземинде Куран Керимге кол басуу менен кызматын баштады.
Шейшемби күнү АКШда түрктөр көп жашаган Нью Жерси аймагындагы Патерсон шаарына, тарыхында биринчи жолу түрк жана мусулман Ибрахим Майк Байчора коопсуздук директору болуп дайындалган.
Карачай түрктөрүнөн болгон Байчора 228 жылдык тарыхый муниципалитет имаратында өткөрүлгөн ант ичүү аземинде чоң энесинен калган Куран Керимге кол басып расмий түрдө кызматын баштаган.
Тектеш кабарлар
Папа Иракта Систени менен жолугушту
Папанын Нежефтен кийин Насирийедеги байыркы шаар Ур шаарына барышы күтүлүүдө.