Орусия коронавирустун энергия базарындагы таасиринен кооптонууда

Орусиянын энергия министри Александр Новак коронавирустун глобадык нефть базарларына тийгизген таасири тууралуу абал жана так  жагдайды билбестен анализ жүргүзүүгө даяр эмес экендерин белгиледи.

1354677

Александр Новак борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында жаңы тип коронавирустан кийин глобалдык энергия базарындагы абалдарга байланыштуу маалымат берди.

Нефть экспорттогон өлкөлөр уюму OPEC жана  OPEC тышы кээ бир өндүрүүчү өлкөлөрдүн ортосунда аткарылган иштердин Австриянын борбор шаары Венада улантылып жаткандыгын айткан Новак орус адистердин да ал жерде экенин жана түрдүү альтернативдерди карап чыгышкандарын билдирди.

Вирустун глобалдык нефть базарына тийгизген таасири тууралуу сөз сүйлөгөнгө даяр эмес экендерин белгилеген Новак : «Коронавирустун глобалдык нефть базарларына тийгизген таасири тууралуу абалды жана так жагдайды түшүнбөстөн анализ жүргүзүүгө даяр эмеспиз. Орусиянын позициясы азырынча так эмес, абалга баа берүү үчүн убакыт керек»,- деди.

Тектеш кабарлар