Таиландда коронавирусту дарылоо

10 күндө жакшыруу болгондордун арасында Ухандан барган 70 жаштагы кытайлык аялдын да бар экендиги билдирилди.

1351978
Таиландда коронавирусту дарылоо

Таиландда жаңы тип коронавирус табылган кишилерге ВИЧ жана гриппте колдонулган дарылардын аралашмасын колдонуунун натыйжасында бул оорулууларда айыгуунун болгондугу байкалды.

Банког Раджавити ооруканасында дарылоодон 48 сааттан кийинки жыйынтыктарда вируска чалдыккандардын саламаттыгынын жакшырып жаткандыгы баса белгиленди.

10 күндө жакшыруу болгондордун арасында Ухандан барган 70 жаштагы кытайлык аялдын да бар экендиги билдирилди.

Дарылоодо анти ВИЧ дарылары "lopinavir" менен "ritonavir" жана грипп дарысы "oseltamivirдин" аралашмасы колдонулгандыгы маалымдалды.

Радживити ооруканасынын дарыгерлеринен Криангска Атипорнванич мунун вирусту дарылоо үчүн так бир метод эмес экендигин бирок оорулуулардын абалында жакшыруу болгондугун айтты.

Таиланд саламаттык сактоо министрлиги менен баа берүү жыйынынан кийин аралашманын башка оорулууларда да колдонулары белгиленди.

Таиландда вирус жуккан 19 киши чыкты. Булардан 8 киши дарылангандан киийн ооруканадан чыгып, 11 кишинин дарылануусу улантылууда.

Кытайлык саламаттык сактоо жетекчилеринин да жаңы тип коронавирусту дарылоо үчүн ВИЧ жана грипп дарыларынын кодонулгандыгы билинүүдө.



Тектеш кабарлар