Япониядагы Шиндаке жанар тоосунда жарылуу болду

Жарылуудан кийин жанар тоодон атырылган лава жана тоо тектердин 900 метрдик аралыкка чейин жайылгандыгы белгиленди.

1352026
Япониядагы Шиндаке жанар тоосунда жарылуу болду

Япониянын түштүгүндөгү Кучиноэрабужима аралындагы Шиндаке жанар тоосунда жарылуу болду.

Япония маалымат агенттиги Киодонун берген кабарына караганда метеорология агенттиги Кагошима шаарынын 130 километр түштүгүндөгү жанар тоонун жарылуу менен кайрадан  кыймылга өткөндүгүн жарыялады.

Жарылуудан кийин жанар тоодон атырылган лава жана тоо тектердин 900 метрдик аралыкка чейин жайылгандыгы белгиленди.

Шиндаке жанар тоосу акыркы жолу өткөн жылы 29 -  январда кыймылга өткөн.



Тектеш кабарлар