Өткөн айда Идлибде 188  жаран каза болду

Каза болгондордун арасында жарандык коргоо  жана саламаттык сактоо кызматкеринин да бар экендиги билдирилди.

1351382
Өткөн айда Идлибде 188  жаран каза болду

Сирияда  Башар Асад режиминин күчтөрү жана колдоочусу Россиянын Идлибге карата өткөн айдагы кол салууларында 188  жаран каза болду.

Идлибде миграция маалыматтары тууралуу иш алып барган Сирия Кийлигишүү Координаторлугу тарабынан жарыяланган отчетто Асад режими күчтөрү жана колдоочусу Россиянын Идлибге карата январь айындагы бомбалоолорунда  188 кишинин каза болгондугу жана алардын ичинен 64 кишинин бала экендиги белгиленди.

Каза болгондордун арасында жарандык коргоо  жана саламаттык сактоо кызматкеринин да бар экендиги билдирилди.

Өткөн айда режим жана  Россиянын аймакка карата кол салуусунда 28 мектеп, 7 чатыр шаар, 11 саламаттык комплекси, 9 базар, 19 ыбадаткана,  5 жарандык коргоо борбору, 3 суу жана 2 электр станциясы, 4 нан бышыруучу жер атылды.



Тектеш кабарлар