Орусияда заводдо жарылуу болду

Жарылууда 5 кишинин каза болгондугу билдирилди.

1350940
Орусияда заводдо жарылуу болду

Орусиянын Мценск шаарындагы металл заводунда болгон жарылуда 5 киши каза тапты. Алардын ичинен бир киши түрк жараны.

Орус ТАСС маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Орловск аймагынын Мценск шаарында курулуп жаткан металл заводунда жарылуу болду.

Жарылууда 5 киши каза болду. Алардын ичинен 1 киши түрк жараны жана жаралангандардын арасында 3 түрктүн да бар экендиги билдирилди.

Газдын кысылуусу менен чыккан жарылуудан кийин заводдун чатырынын кулагандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар