Ливияда Улуттук ынтымактык өкмөтү Хафтер күчтөрүнө таандык аба унаасын атып түшүрдү

Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү өткөн шейшемби күнү да Кытайда жасалган Wing Loong II моделиндеги бир куралдуу учкучсуз аба унаасын атып түшүргөндүгүн билдирген.

1350841
Ливияда Улуттук ынтымактык өкмөтү Хафтер күчтөрүнө таандык аба унаасын атып түшүрдү

Ливиянын БУУдагы мыйзамдуу өкүлү Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн бөлүктөрү өлкөнүн чыгышындагы расмий болбогон куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилерге таандык учкучсуз аба унаасын атып түшүрдү.

Ливия улуттук ынтымактык өкмөтү баштаган «Буркан ел  -  Гадаб операциясынын» фейсбук баракчасынан берилген маалыматта борбор шаар Триполинин түштүгүндө Орусиянын Орлан моделиндеги учкучсуз чабуул коючу учагынын атып түшүрлгөндүгү белгиленди.

Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн күчтөрү өткөн шейшемби күнү Мисратанын чыгышындагы бир аймакта Кытайда жасалган Wing Loong II моделиндеги бир куралдуу учкучсуз аба унаасын атып түшүргөндүгүн билдирген.



Тектеш кабарлар