Израиль Газага абадан кол салды

Палестина саламаттык сактоо министрлигинен кол салууда кишилердин каза болуп же болбогондугуна байланыштуу азырынча маалымат бериле элек.

1349837
Израиль Газага абадан кол салды

Израиль аскердик учактары түштүктөгү Хан Юнус шаарында Иззеддин ел  - Кассам полкторуна таандык аскердик бир жер менен Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Дейр ел  - Белахта бир эгин аянтын бутага алды. 

Хан Юунустагы кол салуудан улам жакын жерлердеги имараттар зыян тартып, Палестина саламаттык сактоо министрлигинен кол салууда кишилердин каза болуп же болбогондугуна байланыштуу азырынча маалымат бериле элек. Бул кол салуу Израиль армиясынын кечээ кечинде Газадан Израилге ракета атылгандыгын билдиргенден кыска убакыттан кийин болду. 


 



Тектеш кабарлар