Францияда кечээ пенсия реформасына каршы митинг болду

Францияда профсоюздардын чакыруусу менен борбор шаар Париждеги Италия аянтында чогулган митингчилер Ваубан аянтына карай жүрүштү.

1350174
Францияда кечээ пенсия реформасына каршы митинг болду

Францияда пенсия реформасына каршы чыккандар президент Еммануэль Макрон башкаруусуна каршы экендигин дагы бир жолу билдирүү үчүн кечээ митингге чыгышты.

Францияда профсоюздардын чакыруусу менен борбор шаар Париждеги Италия аянтында чогулган митингчилер Ваубан аянтына карай жүрүштү.

Митингчилер пенсия реформасын кайра алуу тууралуу катуу турушууда. Митингчилер Макронго каршы ураандар жана плакаттар менен жүргөн митинг эч  бир окуя чыкпастан аяктады.

Париж коопсуздук директорлугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда борбор шаардагы митингде 13 киши камоого алынды.

Лилледеги митингде да полиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу чыкты. Полиция калемпир газы менен кийлигишти.

Митингчилер Тулузада  бир соода борборун жапты жана адамдардын соода борборуна кирип  - чыгышына тоскоол болду. Кечээ болгон митингдерге катышкандардын санында мурунку мезгилдерге караганда аз болгондугу байкалды.



Тектеш кабарлар