Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти БУУнун өкүлү Люте менен сүйлөштү
Президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда сүйлөшүү Лютенин талабы боюнча ишке ашты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Кипр маселеси үчүн милдеттендирген убактылуу атайын кеңешчиси Жейн Холл Люте менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда сүйлөшүү Лютенин талабы боюнча ишке ашты.
Сүйлөшүүдө БУУнун башкы катчысынын БУУнун Коопсуздук Кеңешине билдирген 30 - январда БУУнун Кипр Тынчтык Күчүнүн кызмат мөөнөтүнүн узартылышына байланыштуу отчет жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинен өтүшү күтүлгөн чечим каралды.
Бир тараптан сүйлөшүүдө БУУнун башкы катчысынын 2019 - жылы 25 - ноябрдагы Берлин билдирүүсүнөн кийинки процессте керек болгон сайын байланышта болуу тууралуу макулдашышты.
Гутерреш билдирүүсүндө биринчи мүмкүнчүлүктө баскыч түрүндө, маанилүү жана жыйынтык чыга турган сүйлөшүүлөрдүн башталгыч жери боло турган «маалымат шарттарынын» белгилениши тууралуу аракеттерди улантуу чечимин чыгаргандыгын белгилеп, кипрдик лидерлер, кепил өлкөлөр жана БУУнун катышуусу менен расмий болбогон бештик жыйын ыктымалын карап чыгарын билдирген болчу.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.