Трамп жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планын жарыялады

Трамп, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Ак үйдө өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында бир беткей түрдө Жакынкы Чыгыш Тынчтык планын коомдук пикирге жарыялады.

1349256
Трамп жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планын жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп, кечээ жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планын жарыялап, Кудстун Израилдин бөлүнгүс борбор шаары деп кабыл алына турганын жана планынын палестиндер үчүн «акыркы мүмкүнчүлүк» экенин айтты.

Трамп, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Ак үйдө өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында бир беткей түрдө Жакынкы Чыгыш Тынчтык планын коомдук пикирге жарыялады.

Жалган тынчтык планынын 80 барактан турганын белгилеген Трамп, пландын Израиль жана Палестина тарабы үчүн абдан баалуу нерселерди камтыганын жактады.

Дональд Трамп, планынын Палестинанын борбор шаары Кудстун чыгыш жагындагы бир аймакта орун алган көз карандысыз мамлекетти көздөгөнүн айтты жана келишимдин ишке ашырылган учурунда палестиндердин бүгүнкүдөн эки эсе чоң жерге ээ боло турганын жактады.

Пландын алкагында Израилдин «келечекте курула турган Палестина мамлекетинин» шарттарын сүйлөшүүгө даяр экенин айткан Трамп, максаттарынын бирден улут мамлекет катары Израиль жана Палестина мамлекеттеринин таанылышы болгонун баса белгиледи.

Жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планына караганда Трамп, Палестинанын көз карандысыз мамлекет болушуна керектүү шарттарды орундатуусу максаты менен 4 жылдык мөөнөттү көздөгөндөрүн белгилеп кетти.

Трамп, ушул алкакта Палестинанын экономикасы жандана турганын жактаган 50 миллиард доллардык экономикалык пландын да ишке ашуусун максаттагандарын айтты.

Бир тараптан, Трамп Акса мечитинин статусунун өзгөрбөй турганын, Израилдин бул аймактын коопсуздугун жана мусулмандардын Акса мечитиндеги сыйынууларын камсыздоосун уланта турганын кеп кылды.

Трамп, Иорданиянын бул темада ушул убакка дейре болгону сыяктуу атайын абалынын корголо турганын жана бул өлкөнүн Израиль менен иштөөсүн уланта турганын кошумчалады.

Бул учурда АКШнын президенти Дональд Трамп, жыйналыштан кийин Твиттер барагынан маалымат берип, жалган  Жакынкы Чыгыш тынчтык планынын алкагында көздөлгөн Израиль жана Палестина мамлекеттеринин чек араларын көрсөткөн картаны да бөлүштү.

Трамп: «Дайыма Израиль мамлекети жана жөөт калкынын жанында болом. Алардын коопсуздук жана бакубаттыгын, өз тарыхый мекендеринде жашоо укуктарын күчтүү түрдө колдоймун. Эми тынчтыктын убагы!»,-деп өз оюн бөлүштү.

Учурдагы басып алуу абалын «мыйзамдуу чек аралар» деп кабыл алган картага караганда Израилдин басып алуусу астындагы 15 отурукташуу аймагы Израилдин жерлери катары көрсөтүлдү.

Кудстун Израилдин борбор шаары катары көрсөтүлгөн картада, «келечектеги Палестина мамлекети» сөзү менен да борбор шаары Кудстун чыгыш жагындагы бир аймак катары белгиленген Палестина мамлекетинин жерлери көрсөтүлдү.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху болсо Трамптын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планынын кеңирисин баяндады.

Планды «Израиль үчүн абдан чоң жана тарыхый жеңиш» түрүндө мүнөздөгөн Нетаньяху, АКШнын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планынын алкагында Батыш Шериадагы жөөт отурукташкан жерлерин Израилдин жери катары тааный турганын жарыялады.

Нетаньяху айрыкча Трамптын планына караганда Израилдин Иордания коктусунун үстүндөгү үстөмдүгүн уланта турганын да кошумчалады.

АКШнын планына караганда орто эсеп менен 6 миллионго жеткен палестиналык качкындардын артка кайтуу укугунун болбой турганын дагы билдирген Нетаньяху, пландын аймактын тынчтыгына чоң салым кошо турганын жактады.



Тектеш кабарлар