Франция,Монголия жана Англия өз атуулдарын Кытайдан алып кете тургандарын жарыялашты

АКШ, Испания жана Жапония дагы атуулдарын чыгарып кете тургандарын жарыялады.

1348390
Франция,Монголия жана Англия өз атуулдарын Кытайдан алып кете тургандарын жарыялашты

Франциянын саламаттык сактоо министри Агнес Бузин, Кытайда жаңы түрдөгү коронавирус оорусу жайылган Ухань шаарында жүргөн француз жарандарын өлкөгө учак менен алып кете тургандарын билдирди.

Бузин, жарыясында премьер-министр Эдуард Филиппенин талабы боюнча жана кытайлык тийиштүү кызматкерлердин бекитүүсү менен атуулдардын Ухандан аптанын ичинде өлкөгө кете турганын жана 14 күн бою белгилүү бир жерде саламаттык сактоо топторунун көзөмөлүндө боло турганын айтты.

АКШ, Испания жана Жапония дагы атуулдарын чыгарып кете тургандарын жарыялады.

Бул учурда Англиянын коронавирус жайылуусунун борбору болгон Кытайдын Ухань шаарынан атуулдарын алып кетүү үчүн сүйлөшүү жүргүзгөнүн жарыялады.

Англиянын тышкы иштер министрлигинин жарыясында оор саякат чектөөлөрү менен консулдук же медициналык жардамга жетүү жагынан кыйынчылык тартууларга көңүл бурулуп, Англиянын атуулдарынын аймакты таштап кетүүлөрүнүн камсыздалууга аракет кылынганы маалымдалды.

Монголия болсо жаңы түрдөгү коронавирустун себебинен Кытай менен ортосундагы чек ара капкасын жапканын жарыялады.

Монголиянын Министрлер кеңеши вирустун жайылуусуна бөгөт болуш үчүн жана Кытай менен чек ара капкасында коопсуздук чара көрүүлөрүнүн арттылышы үчүн чек ара өтмөгүнүн жөө же унаа каттамдарына жабылуу чечимин чыгарды.

Саламаттык сактоо чара көрүүлөрү эң жогорку деңгээлге чыгарылган өлкөдө бардык массалык иш-чаралар жоюлду.

Вирус пайда болгон Кытайдын Ухань шаарында билим алган  монголиялык 31 студенттин да өлкөгө алынып келе турганы маалымдалды.

Малайзия, Тайван жана Түндүк Корея да Кытай менен чек араларын жапты.

Орусия болсо Кытайга саякат билеттерин сатууну токтотту.

Кытайда каза болгондордун саны улам көбөйгөнү айтылган олуттуу жугуштуу ооруга айланган вируска каршы азырынча вакцина же дары табылбай жатат. Вирустун Ухандагы жабылган Хуанан деңиз азыктарын сатуучу базардан чыкканынын ыктымалына токтолушууда.

Пекин башкаруучулугу өлкөнүн ичинде жугуштуу оору менен күрөшүү үчүн ар түрдүү чараларды көрүп Уханга кирүүлөрүнө тыюу салган, чыгууларына болсо абдан өзгөчө абалдарда гана уруксат бериле турганын жарыялаган.




 



Тектеш кабарлар