АКШ учагына байланыштуу териштирүү жүрүп жатат

АКШ армиясы, кулап түшкөн учактын Америка армиясына таандык экенин ырастады.

1348923
АКШ учагына байланыштуу териштирүү жүрүп жатат

Ооганстандын Газни облусунда АКШга таандык аскердик учактын кыйрашына байланыштуу териштирүү уланып жатат.

АКШ армиясы, Ооганстанда жекшемби күнү кулап түшкөн учактын Америка армиясына таандык E-11A үлгүсүндөгү аскердик учак экенин ырастады.

Бирок учактын атып түшүрүлгөндүгү жөнүндө кандайдыр бир белгинин жок экендиги кабарланды.

Ооганстандагы Америка күчтөрүнүн басма сөз катчысы, учактын кулап түшүү себебинин иликтенип жаткандыгын билдирди.

Байкоо салуу максатында пайдаланылган учак Газни облусунун Талибандын көзөмөлүндөгү Дех-Як аймагында кыйрады.

Талибан учакты атып түшүргөндгүн жана ичиндеги Америка аскерлеринин каза болгонун айткан эле.  



Тектеш кабарлар