Бразилияда сел жана жер көчкү

Бразилиянын түштүк – чыгышында ашыкча жааган жамгыр жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 46га жетти.

1348157
Бразилияда сел жана жер көчкү

Бразилиянын түштүк – чыгышында ашыкча жааган жамгыр жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдөн каза болгондордун саны 46га жетти.

Жарандык коргоо жетекчилери ашыкча жамгыр жааган Минас Гераис аймагында уланып жаткан катуу бороондор тууралуу эскертишти.

Жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүлөрүндө 46 киши каза болду. Алардын ичинен 37 киш Минас Гераистеден,  9 киши  Эспириту Сантодон.

Аймакта үйлөрүнөн чыгарылгандардын саны 20000ге жогорулады, 28 кишинин жоголгондугу билдирилди.

Минас Гераис аймагындагы 47 шаарда чукул абал жана апаатта каза болгондор үчүн 3 күн аза күтүү жарыяланды.

Аймактын борбор шаары Бело Горизонтто акыркы 110 жылдын эң катуу жамгыр жаашы менен бетме  - бет келип, шаарда 24 саатта метр квадратына 171 миллиметр жамгыр жаагандыгы баса белгиленди.

Минас Гераис менен бирге Рио де Ханейро жана Сао Пауло да болгон Бразилиянын башка аймактарында жамгыр жаашы таасирин улантып жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар