Ослодо «Мухаммед» эң популярдуу ысым

2019-жылы Ослодо эң көп тандалган ысым «Мухаммед» болду.

Ослодо «Мухаммед» эң популярдуу ысым

Норвегиянын борбор шаары Ослодо эң популярдуу бөбөк ысымдарынын арасында «Мухаммед» биринчи орунду ээледи.

Норвегиянын статистика агенттигинин отчетуна караганда, 2019-жылы Ослодо төрөлгөн эркек наристелерге 11 жылдан бери болуп келгендей эле эң көп коюлган ысым «Мухаммед» болду.

Норвегиянын жалпысында болсо эң көп тандалган эркек бөбөк ысымы «Жакоб» болсо, бул ысымдан кийин «Лукас» жана «Филипп» турат.

Эркек балдардын 20 пайызына Инжилде жазылган «Ыйык адамдардын» аттарынын коюлушу көңүлдөрдү бурду.

Мухаммед 2017-жылы Швециянын Мальмё шаарында эң көп коюлган ысым болсо, ушул эле жылы Англия менен Уэльсте да эң көп тандаган ысымдардын тизмесинде онунчу орунду ээлеген эле.



Тектеш кабарлар