Трамп «Кылымдын келишими» планын шейшемби күнүнө чейин жарыялайт

Бул план эмнени көздөөдө?

Трамп «Кылымдын келишими» планын шейшемби күнүнө чейин жарыялайт

АКШнын «Кылымдын келишими» деп аталган Палестинаны бөлүп-жаруу планы кайрадан күн тартипте.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн балким шейшемби күнүнө чейин пландын бир бөлүгүн жарыялай тургандыгын айтты.

Трамп шейшемби күнү, Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана эң чоң атаандашы Бени Ганц менен Ак үйдө жолугушат.

Палестина болсо дароо каршылык көрсөттү.

Палестинанын Президенттик аппаратынын басма сөз катчысы Небил Абу Рудейн, бул план четке кагылган абалда жарыяланышы керек деп эскертти.

Рудейн антпесе Палестина жетекчилигинин мыйзамдуу укуктардын корголуусу үчүн керектүү иштерди аткара турганын айтты.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас «кылымдын камчысы» деп сыпаттаган пландын деталдары азырынча билдириле элек, бирок эл аралык медиага чагылган кабарларга караганда бул план Кудстун толугунун Израилге калтырылышын көздөөдө.



Тектеш кабарлар