Кытайдагы жаңы түрдөгү коронавирустан каза тапкандардын саны 25ке жетти

Тибеттин автономиялуу аймагы жана Цинхай провинциясынан тышкаркы өлкөдөгү бардык автономиялуу аймак, автономиялуу башкаруу жана провинцияларга жайылган коронавирустан таасир алгандардын саны 830 киши деп белгиленип, анын 177си оор абалда.

Кытайдагы жаңы түрдөгү коронавирустан каза тапкандардын саны 25ке жетти

Кытайдын Ухань (Wuhan) шаарында пайда болгон жаңы түрдөгү коронавирус (2019-nCoV) жугуштуу  оорусунан 830 киши  таасир алып, 25 киши көз жумду.

Тибеттин автономиялуу аймагы жана Цинхай провинциясынан тышкаркы өлкөдөгү бардык автономиялуу аймак, автономиялуу башкаруу жана провинцияларга жайылган коронавирустан таасир алгандардын саны 830 киши деп белгиленип, анын 177си оор абалда.

Бир тараптан жугуштуу оорудан таасир алган кишилер менен байланышы болуп карантинге алынгандардын саны 8 миң 420га жетсе, вирус жуккан абалдары «шектүү» деп эсептелген кишилердин саны болсо 1072 деп жарыяланды.

Айрыкча айрым шаарларда мунай зат кеңсеси, оорукана, аптека жана азык-түлүк дүкөндөрдөн тышкаркы бардык ишканалар иштерине тыныгуу берди. Муну менен катар айрым шаарлар аралык автотрасслардын бир бөлүгү ачык калтырылды.

Хубэй провинциясынын өкмөтүнөн берилген маалыматта болсо провинциядагы бардык туризм агенттиктеринин иш-аракеттеринин убактылуу түрдө токтотулганы белгиленди.

Факультеттер, башталгыч мектептер менен бала бакчалардын билим берүүнү баштоо күндөрү кийинкиге жылдырылды, шаарда орун алган полиция жана аскердик бөлүктөргө таандык кызматкерлердин эмгек өлгүүлөрүнүн жоюлганы баса белгиленди.

Бул учурда Кытайдын Каржы министрлиги Ухандагы жугуштуу оору менен күрөшүү үчүн 1 миллиард юань (144 миллион доллар) бөлдү.



Тектеш кабарлар